барс1
- Мышык түркүмүнө кирүүчү илбирске окшош ири жырткыч айбан.
- Жыл эсеби боюнча үчүнчү жылдын аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таластагы Татыбек, / Уулу калды Пазилбек, / Турпандагы Турумбек, / Иниси бар Акылбек, / Калганың өзүң барсыңар, / Бир жакадан баш чыгаар, / Бир жеңден туруп кол чыгаар, / Майышбасаң бузулуп, / Сени кандай күч жыгар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Балыкарттан жер соңгуп, / Барскон ашып самсаалап, / Күнөскө Жакып барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тардык кылды Балыкарт, / Барскоон ашып көчкөнмүн, / Күнөстөн ары өткөнмүн, / Айагы кууш суусу шар, / Жылкыга болду жери тар, / Күнөстө чыдап тура албай, / Актокойго келип мен, / Актокой атын өч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Барскон менен Дарканды, / Бучкагыма тедебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ — Азыркы жай, келер кыш, / Мал багып байлар барбагын, / Кеңколдун башы Жетитөр, / Суусамырдын Тескейге, / Үйүң конуп калбагын, / Үстү жагы чоң Кемин, / Артуусу Барскоон белдерин, / Орто жерин бир жылы, / Жердебегин жебегин, / Алты сан аргын кам кылгын, / Бар керегиң жам кылгын, / Байлар, укпай калбагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →