барк1
- Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түп атам Манас баатырдан, / Бизге калган салтыбыз, / Ата мурас баркыбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Берметим беттен төгүлүп, / Ажырасам баркымдан, / Кыйамат кайым болгунча, / Кеп үзүлбөй артымдан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Орусхан айтып токтолду, / Эр Гүлүстөн шаңк этип, / Каалгадай тиши жарк этип, / Ителгидей барк этип, / Манастан кепти баштады, / Жакшылык менен жамандык, / Кылайтып бирөөн катпады, / Орусхандын үйүнө, / Сөз айагын таштады: / — Баш калкалап алыстан, / Бир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп бир барк этти да, аны айдап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →