барда
- Көздү чоң-чоң ачып-жумуу, кирпикти бекем-бекем ирмеп алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батак айтып бар кебин, / Бардап көзүн жаштады, / Жамап-жалгап айтпады, / Жашырбай чынын айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эсиң барда көзүңдү ач, / Этегиң жыйнап акыл тап, / Жан кишиге билгизбей, / Жан жолдоштон котчу алып, / Батай, Катай – балдарга, / Сен үйүнө барып бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Эсиң барда этек жап, / Эрегишип эр менен, / Эч ким пайда табалбас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
ачка, / Эрегишкен эр ачка, / Эми кантер экен, деп / Карап турган эл ачка, / Аттуу туруп шылкылдап, / Уйкунун жайы бир башка, / Жер тумандап көрүнбөйт, / Көзүн бардап караса, / “Кең пейил болсо Сейитим, / Эрдигине жараша, / Азык ичип, ат минип, / Жамап, жазкап тон кийип, / Жарактанып жайланып, / Жазыксыз келсек камданып, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →