бали

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Кубаттоодо, таң калууда, жактырууда колдонулат.
  2. Какшыктоодо колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл баркына Алакең, / Мына шунтип жеткени, / Акылыңа бали! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Уккандын баары сүйүнсүн, / Кылганыңа бали деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аны угуп Гүлчоро, / Канчорого «бали» — деп, / Баары болду кош убак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ “Айткан эле Сомбилек, / Бекбача менин атам, деп, / Калп аралаш кеп айтпай, / Айткан экен чынды” — деп, / Күлүп ийет кээ-кээде, / Көзүн ирмеп жымыңдап, / Баракелде бали деп, / “Манастын уулу Сомбилек, / Сайышып көрдүм болду, — деп, / Өлсөм мейли карганда, / Баатырдын көрбөй сайышын, / Өлгөнчөктү арманда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →