балаа

китептерде 109 жолу, 10 китепте
  1. Кырсык, шор, бакытсыздык, балакет.
  2. өт. Кыйын, өткүр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин Көкбөрү, / Аскерине билинбей, / Аркада калган элдерди, / Издеп кетти салпылдап, / Сиркенин Сары талаада, / Жеткен жерде Көкбөрү, / Капташты кара балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казактын калкы бузулуп, / Алашка калба баштаган, / Семетейде Керимбай, / Бүгүнкү күнү Медеркан, / Ойлонгону жамандык, / Хандыгын таштап талаага, / Кара башы балаага, / Капкайда кетип бараткан, / Башкага басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин сала албай, / Тамтаңдап жүрүп эки жы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп кабылан, / — Келген экөөң кет, — деди, / Дабытайга жет, — деди, / Бара жатып аларга, / Учурап калдык талаада, / Кененим деген балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…анастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кыз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан - деп качып жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →