бала
- Наристе, жаш бөбөк, жалпы эле уул, кыз (ата-энесине карата).
- Али жаш, чоң адамдардын катарына кошула элек, кыйынчылыктарды көрө элек, тажрыйбасыз.
- Чоңоё элек, жаш, кичине.
- Жалпы эле улуулардын өзүнөн кичүүлөргө карата кайрылуусунда колдонулат.
- Айбанаттардын жаш төлүнө, канаттуулардын балапандарына карата колдонулуучу жалпы ат.
- Жүгөрүнүн жаңыдан алган, толук бышып жетиле элек сотосу.
- Жүгөрүнүн негизги сабагына жанаша түбүнөн кошо чыккан майда, мажес сабакчалары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →