бак1
- Бакыт-таалай: ойдогу самагандарына жетишип, ырыстуу жашоо.
- Бакты-таалайдын ээси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кудуска барсам батырбайт, / Бир күнү менижашырбайт, / Багдатка барсам батпасам, / Мисирге кирсем кондурбайт, / Дегеле мени оңдурбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле албадым, / Элеси көзгө көрүнөт, / Түндүк жакта жана тоо, / Ал кайериң Алмамбет, / Кабарың айтчы сен ошо?- / Алмамбет анда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, / Өлтүрүп салбай ошондо, / Багып жүрүп курган жан, / Сенден көрдүм кардыкты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →