бакыт
- Ой, тилектин ойдогудай орундалышы, жыргалчылык, ырыс-таалай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бакытбайдын катынан, / Кененимдин атынан, / Так кырк күндү болжоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ай малың барынча, / Кененимге уу бергин, / Эчтекеден тартынба, / Кененимден кутулсаң, / Таластакы Сыр коргон, / Тактын эли болосуң, / Кыргыздын чыгып кырына, / Бакыт ээси болосуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байланып бакыт жолдоруң, / Байкоосуз майып болбогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бүгүн таң атса бир бакытка жете тургансып, көңүлүм толкуп, алда кайда бир белгисиз нерсеге сүйүнгөндөй болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок бул бакыт узакка барган жок: үч төрт күндөн кийин жумуш бүтүп, биз дагы сенделип көчөдө калдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →