бакшы
- Ооруга чалдыктырган ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган сыяктанып бууракандап дуба окуп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдоочу дарымчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отун жыйнап, от жагып, / Түтөтүп койсо бир жерге, / Эчтемеге карабай, / Жин чогулат ал жерге, / Бакшылар билет амалын, / От жактырып салганда, / Жин чогулуп барганда, / Кармап алат кээ бирин, / Колго түшкөн байкуш жин, / Өткөрүп берет бирлигин, / Айыктырды бакшы дейт, / Аны кайдан эл билсин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канжарлап кардың эшерде, / Каныңды төгөр кезинде, / Тайрайтып төргө жаткырып, / Таарып мойнуң кесерде, / Айлансаң болот жалпыдан, / Айрып алдык кулуңан, / Тосоттоп чыгып бөөдө өлдү, / Карагулуң жолунан, / Жин даарыган бакшы эмес, / Кесир урсун кытайды, / Кечеги сөзү жакшы эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чукул келди Алмамбет, / Бир неме уруп дүмпүлдөйт, / Баа-чаасы өтө арбындуу, / Угулбай ачык күңкүлдөйт, / Көрүм көргөн бакшыдан, / Беш алтоо бардай кептенди, / Аттуу туруп Алмамбет: / — Арстан барбы мында?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күмөн алган шегим бар, / Силерге айтар кебим бар, / Бакшы бүбү катындан, / Итиркенбей кол салып, / Баланы алган жатындан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эбиреп кыйын тапкан сөз, / Куураган жатын мүйү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →