бакты

китептерде 267 жолу, 10 китепте
  1. Бакыт, таалай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бактысына жараша, / Баш-аламан көпчүлүк, / Каптап келди эми эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Баланын атын караса, / Бактысына жараша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →