бакан

китептерде 21 жолу, 6 китепте
  1. Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач.
  2. Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыз Куйалы, Саламат, / Келип калган ал кезде, / Абаң Бакай, хан Семей, / Алымсарык баланы, / Ал экөөнө бактырды, / Торго салып Чынгышты, / Бир баканга астырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н Манасы, / Ага жолдош болуптур, / Алыскы эрен Алмасы, / Чубак менен Сыргагы, / Чоролор менен калганы, / Кеңирсип жаткан деңиздей, / Келишти мунун төрт жагы, / Бакан төрө болгудай, / Эми бизде ал барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эчки бакан абышка, / Текесин минип ашыгып, / Тушуман өтүп кеткиче, / Бир атты чаап калсам, деп, / Дегеле жаман шашылып, / Уй кайтарган уйчулар, / Бултулдатып букасын, / Бу да жөнөп алыптыр, / Төө кайтарган төөчүлөр, / Ар качан күлүк ушул деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Деп жулунуп көркө бөш, / Бакан алып жүгүрүп, / Бакайды башка салганы, / Бакайдын башы жарылып, / Атынан түшүп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбөй жогол! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →