бака

китептерде 68 жолу, 9 китепте
  1. Арткы буттары секирип жүрүүгө ылайык узун, кургакта да, сууда да жашоочу жаныбар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, / Ат баскан бака көздөнүп, / Тостоңдогон Тапан хан, / Бойу бокор, үнү жоон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аттан түшүп ажырап, / Сейитек бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган нем… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →