байыр

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Белгилүү бир жерге токтолуп, турук алуучулук, үйрөнүшүп, жайланып калгандык.
  2. Ынак, үйүр.
  3. Шайкелең эмес, салабаттуу, токтоо, омоктуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…он, / Өзөнү токой чер болгон, / Төрлөрү тулаң күр болгон, / Эгин эксе мол болгон, / Аз айдаса көп болгон, / Ороонун баары жык толгон, / Азып-тозуп баргандар, / Байыр алып токтолгон, / Бай-жардысы билгисиз, / Баарынын карды ток болгон, / Энесай элин башкарган, / Кал Мамай деген хан болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баркөлгө барып бай Жакып, / Анда турбай байыр алып, / Буурултокой көчүптүр, / Чыңгыш берген катты алып, / Буурултокой келгенде, / “Хан Жакып” деген атты алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара байыр казан ат, / Теңдеши жок так экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир жерге байыр алып турган жан эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →