байге

китептерде 147 жолу, 9 китепте
  1. Ат чабыш, жарыш.
  2. Ат чабышта, ар кандай жарышта, мелдеште жеңип чыккандыгы же алдыңкы, байгелүү орундардын бирин ээлегендиги үчүн берилүүчү сыйлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ит агытып, куш салып, / Он-он бештен котчу алып, / Келин-кызды жыйнатып, / Шерне ичип, той берип, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Күлбөйт беле Чигитей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
жатканы, / Кайра басып баратып, / Нескара башын аттады, / Өтүп кетип баратып, / Агыштын ушул айтканы: / — Күйөө болуп, кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Келбей калба уккандар, / Бир жүз кырк төрт ашына, / Бир жүз кырк миң алтынды, / Байгеге сайам башына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →