бажы
- Ар кандай жүк, багаж, почта, товар ж.б. чегара аркылуу өткөрүүдө эсеп, көзөмөл жүргүзүп, пошлина алып туруучу мамлекеттик мекеме, (таможня).
- Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүлүүчү товарлардан акчалай алына турган өкмөттүк салык.
- Мамлекет тарабынан жургүзүлүп, жөнгө салына турган кээ бир тейлөө кызматтары үчүн алынуучу акчалай алым.
- тар. Малдын эсебинен алынган налог, малга салынган салык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.