бажа
- Эже-сиңдилердин күйөөлөрү (бири-бирине карата).
- Аялдары тууган-туушкан же бир жердик адамдар (бири-бирине карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хандар кайтып барганда, / Айкабы батпай эр Көкчө, / Катуу калып арманда: / “Хан Манас менен бажа элем, / Алмамбет менен дос элем, / Мына минтип Бейжинге, / Барбай калам дээр белем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сары арканы калмактар, / Атаңдан тартып аларда, / Атаңды Манас колдогон, / Бажасы менен муңдашып, / Ошондо атаң хан болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →