бабай
- Аксакал, жашап калган кары адамга карата колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрдемсиген Кененим- / Бурутту барып уулайлы, / Мунтип карап турбайлы, / Бабай койсок бурутка, / Сөз байлашып ант кылган, / Хан Чиктейдин оорагы, / Баш көтөртпөй урбайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулакта күйгөн шамы бар, / Маңдайында багы бар, / Соорусуна карасаң, / Салаа-салаа калы бар, / Бабай Өмүр сылаган, / Ошол калды билип ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Бабай Камбар олуйа, / Сылаган тагы барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентсе да Башаринге караганда, бизге Бабайдыкы бир аттам жакын көрүнүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →