баба

китептерде 48 жолу, 8 китепте
  1. Түпкү ата, ата-баба.
  2. Беделдүү, карыя адамдарга карата урматтоо, кадырлоо иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыйырма бешке чыкканда, / Ат көтөргүс дөө болгон, / Амалсыздан жөө болгон, / Эр Сейтек бабам кел, / Жан бүткөндө жаралган, / Жалаңкыч Сарык наам алган, / Кутулуп сенден ким калган, / Кененим келгин чоң атам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бастырсам жалгыз бекер, деп, / Баш бербей тепсеп келер, деп, / Бабасынан бер жакка, / Баарыга маалым кызыл туу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сүйрөтүп алып кете албай, / Чөбүрөшүп жатканда, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк эне… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Махабат көлүн жакалап, / Нубасканы бакалап, / Жаткан кытай бабам бар, / Жан алгычтар анда бар, / Солк этип жүрөк козголду, / Кай жерде көрөр капам бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мына бул турган Сейитим, / Кененимдин баласы, / Манас экен бабасы, / Адам өлчөр киши эмес, / Эрдиги менен айласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →