баар1
- Жаз алды, көктөм, Жаңы-Арыктын жүздөгөн жардылары эрте баардан тартып эле алакандай жерлерин кетмендеп, урук сээп коюшту (Абдукаримов).
- Жаз, жаз мезгили.
- өт. Көңүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайдырбай найза кагышып, / Канча түркүн сайышып, / Балталашып чабышып, / Баардык күчүн арнашып, / Найза менен балтадан, / Пайда таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баарыңарды кетирип, / Баардык ишти бүтүрүп, / Кызды ээрчитип мен барам, / Жүйрүн кайда, кыз кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атасы Манас кан ичме, / Кадамы жеткен баар жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баардык эл чыкты бүлкүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →