баары
- Бардыгы, бүтүн, бүткүл, жалпы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алы канча экенин, / Кененим анан чактасын, / Уккан жандын баарысы, / Дабытай деп мактасын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →