аң-таң

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Таң калгандык, айран-таң калып, эмне экенин түшүнбөөчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон менен испанга, / Кордук болду буларга, / “Касташып барган душманды, / Тойгондук кылып кыргыздар, / Ат-тонуна катышпай, / Айдап жолго салды, деп, / Алда кандай жумуш” деп, / Аң-таң калсын уккандар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Караанын көрүп, Кокондун, / Кыргыздар аң-таң калышып: / «Тукум курут болгунча, / Түгөнгөнчө салышып, / Келген экен бизге», — деп, / Күжүлдөшүп калышты, / Баш–аламан чоролор, / Атына минип алышты, / Ойуна алып ошолор, / Катылышса кокондук, / Койбой барын чабышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошонд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тамаша көрүп таңыркап, / “Тигиндей тарт, мындай чап” / Башкарып турган биринен, / Жыйырмаларда жашы бар, / Сөөлөтсүнүп керилген, / Бирөөнөн бала сурады: / — Сымбаттуу сонун агамсың, / Мен жолоочу келген баламын, / Талаасы топ-топ чогулуш, / Көз кайкаган Таластын, / Кайсы экенин биле албай, / Аң-таң болуп турамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
"Бул кандай бала?"-деп кербенчилер аң-таң болуп турган кезде, алардын башчысы: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →