аңыр1
- Канатында, куйругунда карасы бар, күрөң түстүү, өрдөккө окшош жапайы куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Токтобой тоолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, кол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңырып жүргөн акмалап, / Кыргыз болуп жүрбөгүн?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дайыны болуп мурунтан, / Алмамбет Көкчө келди, деп, / Аңырты анын угулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…акылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канатын көрүп караанын, / Кыраакы турган Токоңдун, / Кыраандыгын карагын; / “Аңыр келчү алдында, / Келгин маалы эмес, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →