аңыз2
- Кызыктырып эңсете турган имиш сөз; эл оозуна алынып, даңаза болуп кеткен кабар.
- Уламыш, жомок сөз.
- өт. Калп сөз, жалган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Манас байаны: / — Өзүңө издеп катынды, / Имиштеп угуп аңызды, / Кыз чалыгар бекен деп, / Кыдырып жүрдүм айылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…да үйгөн таш, / Белгиси болуп келайтты, / Көрүп келген элдер бар, / “Тулпардын башы” деген бар, / Божомолдуу түкшүмөл, / Телкызылдын башы, деп, / Айтыла келген аңыз бар, / Арстан Манас айкөлүң, / Санаада түркүн ой ойлоп, / Аркайган кара тоо бойлоп, / Агын өөдө келайтты, / — Музбурчактын өлүгүн, / Аккулага кошо артты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →