аңтар
- Ичин тышына келтирип айландыруу, оодаруу, экинчи жагына каратуу.
- Айдап, коңторуу (жерди).
- Издөө, тинтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Баатыр ураан чакырып, / Бардап үнүн бакырып, / Кый сүбөөгө найзасын, / Уруп өттү качырып, / Катуу урган найзаны, / Дөнө тийген үстүнө, / Кабаттап темир канчаны, / Ал Сыргактын найзасы, / Тепчип өттү анчаны, / Аңтарып аттан түшүрдү, / Орто тоодой барчаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…райын, / Батыш менен чыгыштан, / Далай эрдин каны бар, / Баарынын өчүн алайын,” / Деп ойлонуп Саламат, / Баражатып өзүнчө, / Санаасы менен эр алды, / Кененимди аңтарып, / Ак калпак кыргыз элди алды, / Айтылуу Талас жерди алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Көзүнүн жашы он талаа, / Алмамбетти караса, / Тура калып ордунан, / Жолум үйдөй кара таш, / Эки колдоп аңтарса, / Учу жерге мадалган, / Сабы өйдө караган, / Шамшар турат ал жайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эшиктен кирсе үйүнө, / Катыны ыйлап какшанган, / Күчүктү көрүп кансыз дөө, / Кайыпчалдын үй ичин, / Бардык жерин аңтарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аңтарып көзүн тиктесе, / Асмандагы жарык күн, / Корккондой болуп бүрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →