аңкы
- Жагымдуу буруксуу, буруксуган жагымдуу жыт чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңкыса шамал атыр гүл, / Ала Тоо чөбүн мен жесем, / Айбан да болсом уйалдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Суу бойлоп шамал зыркырап, / Алда канча аңкыган, / Атыр жыт чыгат буркурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азыр келе жаткан жер, / Аңкыган гүлдүү жашыл төр, / Түзбулактын керүүсү, / Буралып турат чөптөрү, / Ушул болот Алмамбет, / Эр Манаска келиши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…артып Кожаалы, / Буларды аттан түшүрүп, / (Бар керегин бүт кылып / Койгон экен күтүнүп.) / Алмамбет менен эр Сыргак, / Керилип уктап жай конуп, / Буркурап жыты аңкыган, / Ичкени кызыл чай болуп, / Ардыгы абдан чыккан соң, / Алмамбетке Кожаалы, / Айтты сөзү бул болуп: / — Сен кеткени Алмамбет, / Коңурбай менен Мурадил - / Эки …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чарбысынан жарбайбы, / Чалкасынан салбайбы, / Чаар ичеги жайылып, / Талаада жатып калбайбы, / Түтүндө жатты таң атты, / Күн кызарып келатты, / Атырдан бекер аңкыган, / Адырдын түрдүү гүлдөрүн, / Салкын жел айдап таратты, / Ак карлуу тоонун абасы, / Аңкыган жытын карачы, / Арстан Манас урпагы, / Токунуп минип кара атты, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →