аңкай

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Оозду ачып карап калуу, делдейип таң калуу.
  2. Ачык абалда болуу, аңгырап ачык туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айагы эки бөлүнгөн, / Аңкайып Калдык караса, / Аттатып өтүп бир аңдан, / Жарды бойлоп жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылаңайлак Алмамбет, / Боору менен жылганда, / Жаасын таштап салыптыр, / Белинен кармап мылтыгын, / Эңкейип алдын караса, / Алдыргандай оозунан, / Аңкайып Чубак калыптыр, / Аккулжа качып жолуна, / Жакын жетип барыптыр, / Тешик жардын оозуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…тан, — деп, / Артынан кетти Алма, — деп, / Нескара кетти аркадан, / Өткөзө пейли жаман — деп, / Коңурбай менен алышып, / Арстаның жүрсө салышып, / Алакең калса аңкайып, / Аңдып барып Нескара, / Салбасын аны аңтарып” - / Муну ойлонуп жөнөдү, / Көктекени камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калгандар калды аңкайып, / Гүлүстөн турду муну айтып: / — Тажик Темир, Сарыбай, / Сөзүнүн заары турат деп, / Коркуп берер кеп эмес, / Алмамбеттин Кылжейрен, / Букарлыкта калыптыр, / Тайтору бериш жол эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →