аңка
- Чаңкоо, суусоо, суу ичкиси келген абал.
- Эңсөө, самоо, аябай дегдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңкаарып Торгой карады, / Чубаган элди караса, / Таласты көздөй жол алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аңкаарып Эшим байкаса, / Которуп кийим кийиптир, / Такасыз атка миниптир, / Коросондук Дабытай, / Которолуп келиптир, / Анык билдим чырын, дейт, / Коргонго кирсе Дабытай, / Өрт койчудай көрүнөт, / Өтө берип чочкодон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абалды билип аңкарды, / Алакең кебин салганы: / — Көкчө баатыр, сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Армансыз өлсүн чочко — деп, / Алдыңда сайып алсын» — деп, / Аңкаарыбай турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →