аңды

китептерде 54 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн же бир нерсенин артынан акмалап, кароолдоп жүрүү, тымызын акмалап баруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каратил угуп баатырдан, / Катуулата бастырган, / Аңдып турган немедей, / Батай, Катай алдынан, / Чыга калды капыстан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Артынан кетти Алма, — деп, / Нескара кетти аркадан, / Өткөзө пейли жаман — деп, / Коңурбай менен алышып, / Арстаның жүрсө салышып, / Алакең калса аңкайып, / Аңдып барып Нескара, / Салбасын аны аңтарып” - / Муну ойлонуп жөнөдү, / Көктекени камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей айтып жатканда, / Аңдып турган Көкмончок, / Ашкере билди ошондо: / “Бул Манастын уулу Семетей, / Мени менен бир тууган, / Тиги Айчүрөк экен, — деп, / Бүгүн болду ашкере, / Кайыпчал ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Туу сайган мыкты жигитти, / Аңдып мерген эр чыгып, / Атып кетчү салты экен, / Муну “туу каңдамай” — дешчү экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Элебес, карагайдын ачыгына чыгып, аңды-дөңдү карабай чапкылап кетип бараткан элге карай: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →