аңги

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Үйүрү жок айгыр; эркек эшек.
  2. өт. Укугу жок болсо да бирөөгө үстөмдүк кылгысы келген, тиешеси жок ишке деле кажынып кирише берген, оюна келгенин кылгысы келген киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Минген нары тайраңдап, / Ала көбөң аңгидей, / Кирип келди дардаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…мгырчы, / Текечи, Жакып, Байжигит, / Ажырашпай бир жүрөт, / Арстан Манас ал дагы, / Калган эл түгөл барышып, / Астыга малын салышып, / Айдаган малы алты сан, / Аңгилери алышып, / Тай-кунаны жарышып, / Кулундары короңдоп, / Куйругун сыртка салышып; / Букалар келет мөөрөшүп, / Бууралар келет жөөлөшүп, / Койлор келет маарашып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйругун сыртка салышып, / Кулун-тайы жарышып, / Кунан-бышты аңгилер, / Чокчоңдошуп алышып, / Өрүү калган карысы, / Өксүп артка калышып, / Семизден баспай калганын, / Канжарлап кардын жарышып, / Алмамбет, Сыргак айгайлап, / Бакы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту салбаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Туураланып айкырып, / Аңги эшектей дардаңдап, / Ой-тоону койбой жымырып, / Оп тартчуудай оозуна, / Көзү туман бүлбүлдөп, / Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, / Найзасынын учунан, / Жалыңдаган от кү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →