аяр1

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Куу амалдуу, шылуун, митайым.
  2. Сыйкырчы дубакөй, каалаганын болтуруучу сырдуу дубаны – атайын окууну билген адам.
  3. Алды-артын байкап иш кылган кыраакы, этиет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Урманбет оң жак койнунан бир жоолукту сууруп чыкты да, учундагы топчудай түйүнчөктү чечип, бечара колу менен аяр тыйындарын санады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир аз аярдай калып Бейшемби: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →