аяз
- Таза, тунук, ачык.
- Бетти тызылдаткан катуу суук, ызгаар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Чилде түшүп, аяз барынча күчөп турган кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эзели кар өксүбөгөн бийик ашуу чаңыттап, аязы зыркырап күчөп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ашуунун жан чыдагыс аязында мына мындай топучан жүргөн адаттарына таң каласың.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кечке аязда жүрүп ачыгып келсек да биз мезгили менен тамак ичпейбиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз болсок, аязды-аяз билмей мыңдаган койдың артында сандалып ач жүрмиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →