аягында

китептерде 17 жолу, 2 китепте
  1. Акырында, акыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак ичкенден кийин "Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги жок"-деп гана кол алышып, үйгө келе бер, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →