аягы

китептерде 28 жолу, 3 китепте
  1. Кинофильмдин, драмалык чыгарманын ж.б. бүткөндүгүн, аякталышын көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а, / Кармап алып Кененим, / Жардатып туруп кыргызды, / Алты шаар, Анжидан, / Андан келди он адам, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Мундан келди кырк адам, / Баш аягы колумда, / Байлоодо киши элүү хан, / Кененим менен элүү бир, / Таластагы эрлерден, / Элге кеңеш бергенден, / Тандап туруп таптырам, / Көккө теңир жолуна, / Ошо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кабагынын алды менен инисин бир карап алды да ичип отурган аягын жерге коё коюп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чынар теректин жоонураак бутагынан кескин, анын баш аягын таарыгын да минип алып, Шатырадолунукуна жеткир десең, ал жеткирет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз тууган түшкө саттым, атаке, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →