ашына
- Жакшы мамилелүү, мамилеси жакын адам, мамилелеш; кошуна.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…табам» деп / Баласына карабай, / Басып барып жайма-жай, / Сөз баштады мамундан: / — Атадан кеткир айланып, / Эки айактуу пендеде, / Сендей жаман табылбай, / Өз ашыңа ээ кылбай, / Бербей койсо ашпаздар, / Отун алып тартайып, / Жан бакканың кай ишиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашына, / Көп жыйындын кашына, / Мен барбадым көрбөдү, / Ошол үчүн келгени, / Ошондо көрсө ал мени, / А бүгүн мында келеби?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көбүрөөк болот тамаша, / Көкө абамдын ашынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ “Келбей калба уккандар, / Бир жүз кырк төрт ашына, / Бир жүз кырк миң алтынды, / Байгеге сайам башына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чөйчөктү бөксө куйдуң деп, баятан бери таарынып, ашына албай отурганын көрүп Бурмаке:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →