ашыктык2
- Көптүк, артык баштык.
- Орунсуздук, ылайык келбегендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куранды бирге окуган, / Ошондон бери карата, / Аккойон менен Күлчоро, / Ашыктык күйүт тең тартып, / Ичине кайгы токуган, / Ойногон болуп кылаңдап, / Күлчоро менен Канчоро, / Кыздарга барды жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ак-Суунун башы балгынды, / Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды, / Айтпай кантип коёюн, / Ашыктыктан дартымды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →