ашуу1

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Тоо кыркаларынын адам ашып өтүүгө мүмкүн болгон ыңгайлуу жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дегенди сурай калды эле, / Конушбай айтат ошондо: / — Тээ алыстан көрүнгөн, / Жайылып жаткан жалтырак, / Лопнурдун көлү эмеспи, / Ушул турган белибиз, / Алдайгырга ашуучу, / Чиндилдин бели эмеспи? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аржагы салаа үч өзөн, / Аркачан келсе душмандын, / Ашуучу жолу ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ашып түштү белести, / Суусамырдын ашуусун, / Кашкардын жолу демекти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…акта, / Бастыралбай ыргылжың, / Ой ойлоду бир канча: / “Төрт айдан бери кыдырып, / Ак карлуу тоону сыдырып, / Жалтырак кара таш басып, / Айырмачтай бел ашып, / Ашууда азап көп тартып, / Чөлдө жүрдүм кыйналып, / Ысыкта суудай тер агып, / Кашкардан бери айланып, / Жардамга жан таба албай, / Каңгайга келсем сандалып, / Буйтанын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →