аштык

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Айдалган дан эгиндери жана анын даны, түшүмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркин жатып канча жыл, / Самаркан, Ташкен, Наманген, / Алты шаар, Анжыдан, / Испандан башка эл, / Аштык сатып киши албай, / Чирип жатат короодо, / Көмбөй таштап ороого, / Кысылып калар жери жок, / Бир сапаркы конокко, / Куйруктары жарылып, / Козу жатат кобо албай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойноп жүрүп ай толду, / Аштык айдар чак болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтымыш уруу алашты, / Аштык айдап силерге, / Дан жеткирген Коконду, / Бүт жоготом ошондо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мындан мурун көп жүрдүк, / Дабан аштык, суу кечтик, / Суу ордуна кан ичтик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
"Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →