ашта

китептерде 33 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсени экинчи нерсеге эп келтирип кийиштир, бириктир (мис. кетмендин, балтанын сабын).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайраттуу Асыл кабылан, / Манастап ураан чакырып, / Найзага темир аштаган, / Кыйкырып келген манжууну, / Жалпайта сайып таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Ашта болгон шан-шөөкөт, / Ошолордон баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыдай албай Жаманбай, / Кубулкеге аштады, / Ойрон болгон Кубулке, / Бар тамыры сыздады, / Шейшеби канга чыкталды, / Мына ушинтип алардын, / Бүтүп калды бар иши, / Каадасы ошол катындын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлчоро сурап калганда, / Анда Чүрөк кеп айтат, / Кеп айтканда муну айтат: / “Силер атка мингилө, / Асаба аштап туу сайып, / Басташып жоого тийгени, / Он сегиз күнгө нак толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →