ашкере1

китептерде 112 жолу, 8 китепте ашкере 2 →
  1. Кандай экендиги, эмне экендиги белгилүү, айдан ачык.
  2. Барып турган, бөтөнчө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет мында келгели, / Ашкере он жыл болуптур, / Көкчөгө жагып кызматы, / Көңүлү абдан толуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катып калган каапыр тоо, / Катып жүргөн турбайбы, / Ушул бойдон тим болсом, / Сейитектин ак тузу, / Ашкере мени урбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →