ашкана
- Боз үйдүн оң жак капшытындагы чыгдан менен тосулуп, ичине тамак аш, идиш-аяк коюлуучу жай, эпчи жак.
- Боз үйдүн ошол жаккы тарабына тартылуучу чий, чыгдан.
- Тамак бышыруучу бөлмө, кухня.
- Көпчүлүк үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ашканадан бир казан, / Алып келип асканы, / Кеп кылалбай ашпоздор, / Түрпөтүн көрүп жазганды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дөбөдө үч үй туруучу, / Үйүнүн бирөө ашкана, / Мейман кирет бирөөнө, / Өзү жатат бирөөнө, / Бейчеки адам кире албайт, / Уруксатсыз үйлөргө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абышка, кемпир шыбырын, / Айчүрөк туйуп алыптыр: / — Жүр, байбиче экөөбүз, / Талаага чыгып кирели, / Деп Айчүрөк кемпирди, / Талааны көздөй салыптыр, / Ашкана үйгө баратып, / Гүлнарды көрө калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрке жеңем Чачыкей, / Ашканага киргизип, / Ашканачы кылбасын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →