ачыш1
- Тызылдап оорутуп дүүлүгүү (денеге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…агып, / Кызыл канга кошулуп, / Ак көбүктөп шар агып, / Баш аламан суналып, / Ичегиси чубалып, / Кирпиги араң ирмелип, / Сүйлөй албай тил келип, / Асылдын жолун ачышып, / Ар тарапка качышып, / Айласы кетип коросон, / Аскери чыгып бөлүнүп, / Сап-сап болуп жардашып, / Колуна мылтык кармашып, / Жамгырдай кылып жаа тартып, / Мөнд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жолугат жана бир эшик, / Эшик ачыш жолдору, / Кагазы жок ачылбайт, / Бары ошол болжолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ана-мына дегенче, / Ачып көздү жумганча, / Эти ачышып жан ачып, / Нескарадай чоң дөөнү, / Чалкасынан таштады, / Кыйган терек баштанып, / Нескаранын жатканы, / Кайра басып баратып, / Нескара башын аттады, / Өтүп ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Семеңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ичи ачышып бакырып, / Саап бууданга така уруп, / Канчоролоп чакырып, / Ашыккандай кеп айтып, / Аттарды току деп айтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →