ачык1

китептерде 284 жолу, 10 китепте ачык 2 →ачык 3 →
  1. Жабык эмес, жабылбаган, бекитилбеген.
  2. Айланасы тосулбаган, ээн, бош.
  3. Тартынбаган шар, уялчаак эмес, оюн жашырбай шар айткан.
  4. Жаан-чачыны жок, бүркөк эмес.
  5. Даана, айкын, каргылданбаган (үнгө карата), күңүрт эмес (өңгө, түскө карата).
  6. Жашыруун эмес, элдин, көпчүлүктүн алдында, көрүнөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бейжин менен башканын, / Айрымы ачык ар кимге, / Эки чоро ээрчитти, / Семетейге келгенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Асман ачык, күн бүркөк, / Туман түшүп алыптыр, / Жаркырап жарык күн тийбей, / Тунарыктап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Төбөсү ачык көк урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →