ачы
- Ачыткынын жардамы менен ачкыл болуу, көбүрүү (бозо, жарма, кымызга карата); көбүү (камырга ж.б. карата).
- Боор ооруу, күйүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
кечили, / Айлымдан кетпейт деги” – деп, / Кечил келсе мал берип, / Аш-тамагын жай берип, / Таасындап Жакып чай берип, / Арак тартып кымыздан, / Көөкөргө куйуп ачытып, / Жанына байлап дагы берип, / Жакып айткан кеп экен: / “Күнөстүн жери тар экен, / Айагы кууш шар экен, / Кечилдер, көрүп турасың, / Адамдын көркү мал экен, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алар менен иши жок, / Абаң Семей баатырдын, / Айткан кеби бул болуп: / — Суптардын суусу куйулса, / Ачылар беле кулагым, / Көзүмө андан сыйпаса, / Көрөр беле көздөрүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай жутатып туруп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →