ачуулуу
- Каардуу, ачуусу чукул, урушчаак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында Төштүк ашыгып, / Ачуулуу сүйлөп шашылып, / Бокмурунду кол булгап, / Туйдурбай алды чакырып: / — Хан Көкөтөй эркеси, / Эстүү бала сен элең, / Агыш менен Керкөкүл, / Жесирибиз алдык, деп, / Ичтеринде ойлоду, / Койо туруп азырча, / Кийин алса болбойбу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачуулуу келип, мас болуп, / Жаралуу калган кезиңде, / Акылыңа, Жалгызек, / Илбей калган белемсиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Байракты көрүп сайылуу, / Бакырып Ойрот ачуулуу, / Баатырларын басынып, / Көп аскерин сапырып, / Жалгыз бала турганга, / Жаны айабай ачынып, / Каарданып камыгып, / Коркконунан көп аскер, / Атка минди жабылып, / Короодон чыккан кой окшош, / Жер бетине жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Пристав — баягыда Карпыктын үйүнүн жанындагы топтун ичинен мен көргөн ачуулуу пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →