ачуулан

китептерде 142 жолу, 10 китепте
  1. Ачуусун келтирүү, кыжырлануу, каардануу.
  2. Урушуп коюу, тилдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимди көргөндө, / Туулгасын башка көмөрдү, / Чоң найзасын өңөрдү, / Ачууланып көгөрдү, / Анткен менен калмагың, / Бул дүйнөдөн жөнөлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Ачууланып айкырып, / Ызырынып, шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →