ачкыч
- Кулпуну жаап ачыш үчүн колдонулуучу тетик.
- Гайканы же башка тетикти бурап бекитүү же чыгаруу үчүн колдонулуучу темир аспап.
- өт. Белгилүү бир нерсени түшүнүүгө, сырын ачууга жардам берүүчү жол, ык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мас болгонду жаткырып, / Колунан алып ачкычты, / Кишендерди ачтырып, / Тизмекте аттан минишип, / Жүрүп кетти бастырып, / Топуракты чачтырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Жетилбай чынын айтты” — деп, / Кармап муну албасам, / Жыгылаары ырас кеп, / Эр Сейити жаш арстан, / Телкүрөң менен чуу койду, / Кирпик ирмеп ачкыча, / Тууга жетип тосуптур, / Жагалмай жандап жетпеген, / Жетилбай куйун бөлүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аллам ачсын жолуңду, / Жабдып жолго салайын, — / Деп ошентип Каныкей, / Казынанын ачкычын, / Алып чыгып үйүнөн, / Асталай басып Каныкей, / Казынага барышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бербесе уурдайын", – деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →