ачкыл

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Карагаттын, кымыздын даамына окшогон кычкыл даам.
  2. Ачытылган жарма, айран, кымыз, бозо ж.б. Ачкыл жасоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салам айтып киргенде, / Алик алды Жакып бай, / Тондордун көрүп чекесин, / Бетин ачып көрсөм деп, / Чычкыланды Жакып бай, / Бакдөөлөт кайдан айасын, / Алып келди тамагын, / Арып келген Абдылда, / Ачкылдан ичип алдында, / Абдан ичип болгончо, / Ачкан курсак тойгончо: / — Кана балам Абдылда, / Барган жериң бактыбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казы-карта бал берет, / Кандыра кара чай берет, / Чыйралып эти катсын деп, / Адырашман эрменден, / Кайнатып суусун да берет, / Айаганы ушулар, / Арак менен ачкылдан, / Андан башка тамактан, / Айабай берет абыдан, / Үч ай өттү арадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…, / Аттын баатыр токтобой, / Алоолонуп элирип, / Сүмбөдөй болуп күлүктөр, / Сыртына тартып семирип, / Уйдун баары саздарда, / Кемирчек казып кемирип, / Чириген ачкыл жыттанат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Капакка салган бал берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Экчеме жарма ачкылдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →