ачка

китептерде 99 жолу, 10 китепте
  1. Курсагы ач, тамак ичпеген, карды ачкан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арык уй көрдүм Таластан, / Тумоо – бучкан, ачкалык, / Келеби деп мен турам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Какжаңдап карың кыйналсын, / Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азаматтар ачка ө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Далай күндөн бер жакка, / Аскер ачка, ат ачка, / Эрегишкен эр ачка, / Эми кантер экен, деп / Карап турган эл ачка, / Аттуу туруп шылкылдап, / Уйкунун жайы бир башка, / Жер тумандап көрүнбөйт, / Кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Курсагым ачка, ылайыктуу жок башка. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →