ачарчылык
- Тамак жетишпегендик, тамак-аш тартыш болуп, элдин карды тойбогон оор абал, кыйынчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таластан алды кабарды, / Ачарчылык жаманды, / Жерге келип катаалдык, / Малдан неме калбады, / Таластын угуп кабарын, / Бактыбай тура албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Угуп жүргөн кабарда, / Иран менен Иракта, / Ачарчылык анда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Элде быйыл ачарчылык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →