атыш
- Каршылашып ок чыгаруу, ок атуу, аткылашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайберенди талкалап, / Капчыгайга сулатып, / Сонундардын терисин, / Сойдуруп алып Кубатай, / Балбандарга жыйнатып, / Илбирси бар, б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алмамбет кармап бергин, деп, / Алмамбет кармап бербесең, / Атышаар жерге келгин, деп, / Кытайлар кабар салганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кара дөө, / Ошол жерге жатышты, / Тандап туруп бугунун, / Семизинен атышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал жактын жолу аруудур, / Эзелде бизге калган жок, / Атышам — деп, — белин буур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү Каркырадан Караколду карай өтүп бараткан он бештей казак орус ушунда тие кетип, маңдайда атыш болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →